Президенттик балатыда дүйнөнүн төрт тарабынын маданияты көрсөтүлүүдө (фото)

Бүгүн, 29-декабрда Бишкектеги Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында жаңы жылдык балаты өтүп жатат. Балдар үчүн майрамга өлкө башчы Алмазбек Атамбаев жубайы Раиса Атамбаева менен келди.

Шаңдуу өтүп жаткан концертте артисттер дүйнөнүн ар тарабындагы маданиятты чагылдырууда. Башында алар Индияга "саякаттап", жергиликтүү бийкечтердин бийин көрүп келишти. Андан соң Монголияга барып, жааны буту менен аткан кыздын өнөрүнө суктанышты. Мындан тышкары балдарга Германиядагы цирк, испан бийи, Италия операсы көрсөтүлдү.

Айта кетсек, президенттик балатыга өлкөнүн ар бир аймагынан 8ден 14 жашка чейинки 1100 бала чакырылган. Алардын арасында мыкты окуучулар, эл аралык сынактардын, таймаштардын жана олимпиадалардын жеңүүчүлөрү бар. Мындан тышкары майрамга кызмат учурунда каза болгон милиция кызматкерлеринин балдары жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар чакырылган.

Иш-чаранын соңунда балдарга президент Алмазбек Атамбаевдин атынан белектер, китептер жана таттуулар тапшырылмакчы.

Президенттик балатыга 1100 бала күбө болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан