Салык кодексине өзгөртүү жана толуктоо кирди

24-апрелде президент Алмазбек Атамбаев “КРнын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду. Мыйзам 2013-жылдын 14-мартында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Ал салык кызматы органдарына салык төлөөчүнүн салык отчётун берүү жол-жобосун жеңилдетүү максатын көздөйт. Мыйзам салык отчётторун жана декларацияларды электрондук түрдө жана электрондук санариптик кол тамгасыз берүү мүмкүндүгүн карайт. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан