КҮНСЕРЕП: Депутаттар чиновниктерди белексиз калтырышты

Бүгүн, 29-декабрь. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

Бүгүн Жогорку Кеңештин депутаттары “Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө” мыйзамды кабыл алышты. Ага ылайык, мамлекеттик кызматкерлерге, саясий, административдик жана атайын кызматтарды ээлеген адамдарга 1 миң сомдон жогору бааланган белектерди алууга тыюу салынат. Бул мыйзам долбоорун 2015-жылы өкмөт демилгелеп чыккан. Бул маселе парламентке киргизилгенден бери артка кайтарылган, кыскасы, кароо мөөнөтү кыйла созулган. Акыркы айларда жогорку кызматтагы адамдар жеке компаниялар берген унааларды пайдаланып жатканы коомчулукта нааразычылык жараткан соң депутаттар “Кызыкчылыктардын кагылышы жөнүндө” мыйзам долбоорун карап, акыры жактырышты. Эскерте кетсек, быйыл октябрь айында Замирбек Айдаров транспорт жана жол министри болуп турганда кытайлык "Сhina Road and bridge corporation" компаниясына тиешелүү Лексус LX 570 үлгүсүндөгү жол тандабасты пайдаланып жүргөнү ачыкка чыккан. Буга байланыштуу ал "тендерде кытайлык компаниянын кызыкчылыгын коргогон" деп айыпталган болчу. Министрлик аталган унааны келишимдин негизинде колдонуп жатканын маалымдаган. Бирок коомчулук "Айдаров кытайлык компаниянын кызыкчылыгын коргоп, ага ыраазычылык иретинде жол тандабасты белекке беришкен өңдүү" деп күмөн санаган бойдон калды. Министр унааны компанияга кайтарып, кечирим суроо менен гана кутулган. Кийин аны өкмөттүн жаңы курамына киргизбей коюшкан. Кытайлык компаниянын Лексусу Айдаровдун кайра министр болбой калышына негизги себеп болгон, сыягы. Ошондой эле Оштун мэри Айтмамат Кадырбаев Кытайдын консулдугу тарабынан берилген Тойота Ленд Крузер 200 үлгүсүндөгү жол тандабасты минип жүргөнү коомчулукта сынга алынган. Буга Кадырбаев “бул унаа жеке мен үчүн эмес, мэрияга белек катары берилген” деп жооп кайтарган. Быйыл бир гана чиновниктер эмес, депутаттар да сынга кабылышты. Аларга жайында жаңы креслолорду кайсы демөөрчү сатып бергени бүгүнкү күнгө чейин белгисиз. Расмий түрдө айтылбаса да, Кыргыз жергесинде жеке компаниялар, ишкерлер мамлекеттик кызматта иштегендерге пара бермейинче тендерди утууну же керектүү чечимдин кабыл алынышын элестете алышпайт. Акыркы жылдары айрым чиновниктердин пара менен кармалуусу коррупциянын жаңы жолун жаратты. Бүгүнкү күндө параны таза кандуу күлүк, батир, дача, жол тандабас жана башка ушул сыяктуу кымбат белектер менен алууга өтүштү. Эми белек алууга тыюу салынса, мамлекеттик кызматты бизнес катары пайдаланган чиновниктер пара алуунун кандай ыкмасын ойлоп табышар экен?..

Кечээ Төө-Ашууда унаа тыгынында калган депутат Тынчтык Конушбаев бүгүн бүт ачуусун өкмөттөн чыгарды. Ал өкмөт буга чейин кышка даяр экенин айтып, бирок сөзү чындыкка дал келбей жатканына нааразычылыгын билдирди. Депутат Транспорт жана жол министрлигинин ишин сындап, Бишкек-Ош жолунун учурдагы абалын айтып берди. Жолдогу абалга Транспорт жана жол министрлиги, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жооптуу. Трассада унаа тыгындарынын алдын алуу үчүн маал-маалы менен "Сосновка" өткөрүү пунктунда оор жүк ташуучу унааларга чектөө коюлуп жатат. Мындан тышкары көчкү түшүү коркунучу бар тилкелерде карды атайын атып түшүрүү иштери жүрүүдө. Ош-Бишкек жолунда адамдардын өмүрүн алып кеткен кырсыктар кыш, жай мезгилине карабай болуп эле келе жатат. Кырсыктар, узак унаа тыгындарынын пайда болушу кышында жол жүрүүнүн түйшүгүн ого бетер арттырат. Ош-Бишкек жолунда кыймыл тынбайт. Бул жолго кирерде посттордо ар бир унаадан 45 сомдон, жүк ташуучу унаалардан салмагына жараша 300 сомго чейин алынып турат. Чогултулган каражатка атайын техника, жолго чачылчу туз, кум сатып алынса кырсыктардын саны азаймак, жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу камсыздалмак. Албетте, Жаңы жыл майрамын кыргыз жарандарынын көбү үй-бүлөсү менен тосууну каалашат. Жакынкы 3 күн ичинде унаа кыймылы мындан да көбөйүшү мүмкүн...

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан