31-декабрда жаңы жылдык иш-чараларга байланыштуу Чүй кең көчөсүндө, Киев жана Абдумомунов көчөлөрүндө унаа кыймылына чектөө киргизилет. Бул тууралуу Бишкек шаардык патрулдук милиция башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Чүй кең көчөсүнүн Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү 31-декабрь күнү эртең мененки саат 08:00дө жабылат. Бул чектөө 1-январга чейин уланат.
Кечке жуук 17:00дө Абдумомунов көчөсүнүн Раззаков көчөсүнөн Орозбеков көчөсүнө чейинки бөлүгүндө унаа кыймылына чектөө киргизилет. Киев көчөсүндө троллейбустар, автобустар каттай берет, бирок маршруттук таксилер башка жол тандоого мажбур болушат.
Кошумчалай кетсек, 31-декабрда саат 12:00дөн 15:00гө чейин "Ала-Тоо" аянтында мэрия тарабынан уюштурулган майрамдык иш-чара орун алат. Майрамдык салют менен жыйынтыктала турган жаңы жылдык концертке 20:00дө старт берилет.