Бишкектин жана Чүйдүн айрым аймактарында электр жарыгы өчүрүлөт

Бүгүн, 25-апрелде саат 9:00дөн 11:00гө чейин борбор шаардагы 3-кичи райондо, саат 10:00дөн 16:00гө чейин Көк-Жар жаңы конушунда, саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бах, Ахунбаев, Абдырахманов, Курчатов, Репин, Хоперский, Лумумб, Ауэзов, Чүй көчөлөрүндө жана Учкун кичи районунда электр жарыгы өчүрүлөт. Ушул эле күнү саат 9:00дөн 17:00го чейин Жайыл районуна, Кара-Балта шаарынын айрым көчөлөрүнө электр жарыгын берүү чектелет. Ошондой эле Сокулук районунда саат 12:00дөн 17:00гө чейин жарык өчүрүлөт. “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдиргендей, электр кубаттуулугунун чектелиши “Кыргызская”, “Калининское”, “Мамбетов”, “Селекционное” көмөк чордондорун оңдоо иштерине байланыштуу болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан