Бүгүн, 29-декабрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту президенттик аппараттын мурдагы башчысы Данияр Нарымбаевди шарттуу - мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча ишти карады. Анда УКМКнын тергөө абагынын башчысынын орун басары Нарымбаевди бошотуу өтүнүчүн келтирген. Соттук коллегия ал өтүнүчтү канааттандырып, Данияр Нарымбаев сот залынан бошотулду.
Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Х.Коркмазов 2015-жылдын 15-июлунда Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин кызынан 100 миң доллар пара алып жатканда кармалган. Кылмыш үстүнөн кармалган депутат тергөө учурунда бул ишке президенттик аппараттын мурунку башчысы Д.Нарымбаевдин катышы бар экенин билдирген. 22-июлда Нарымбаевге айып тагылып, УКМКнын СИЗОсуна убактылуу камакка алынган.
Райондук сотто прокурорлор Д.Нарымбаевге "опузалап пара талап кылуу" жана "кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу" беренелери боюнча айыптап, мүлкүн конфискациялоо менен 12 жыл 6 айга эркинен ажыратууну, ал эми Х.Коркмазовду 12 жылга эркинен ажыратууну суранышкан. 2015-жылдын 27-ноябрында Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Данияр Нарымбаев жана Хажимурат Коркмазов "алдамчылык" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, Нарымбаев 3 жылга, Коркмазов 1 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Бул чечимди 2016-жылдын 24-майында Бишкек шаардык соту карап, Биринчи Май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган. Ал эми 28-майда Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Х.Коркмазов эркиндикке чыккан болчу.