2017-жылы Ош шаарында бардык көп кабаттуу үйлөрдүн алды жарыктандырылат

Ош шаарында көп кабаттуу үйлөрдүн алды жарыктандырыла баштады. Бул тууралуу бүгүн, 29-декабрда Ош шаарынын мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Кечээ, 28-декабрда Кулатов кичи районундагы №23, 24, 25-көп кабаттуу үйлөрдүн алдына жаңыдан коюла баштаган жарыктандыруу системи менен Ош шаарынын мэри таанышып чыкканы маалым болду. Мэр Айтмамат Кадырбаевдин айтымында, 2017-жылы көп кабаттуу үйлөрдүн алды түнкү жарыктандыруу менен камсыз болот.

“Ош шаарында жалпысынан 640 көп кабаттуу үй бар. Кийинки жылы бардык көп кабаттуу үйлөрдүн алдын жарык менен камсыз кылууну пландап жатабыз. Үйлөрдүн алдына электр энергиясын үнөмдөгөн атайын жол чырактарды орнотобуз”, - деген А.Кадырбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
refery
2016-12-29 16:49:02
Коп кабаттуу уйлордун алдыларын бир иретке келтирсе жакшы болмок, Ош деле акыры шаарго, домдордун арасы талаага окшоп ылай басып жатат басканга мумкун эмес
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан