Өткөн суткада өлкөдө 8 өрт кырсыгы катталды. ӨКМнын Өрттүн алдын алуу жана анализдөө бөлүмүнүн башчысы Уланбек Танабаевдин айтымында, тилсиз жоодон адам өмүрүнө зыян келтирилген фактылар катталган жок. Айта кетсек, Бишкек шаарында 1, Нарын облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 2, Ош облусунда 1 жана Ош шаарында 3 өрт кырсыгы орун алды. Ысык-Көл районунун Комсомольский айылына караштуу Григорьевка капчыгайынан өрт чыгып, 3 гектар аянт күйүп кеткен. Өрттү өчүрүүгө жалпы 75 адам катышты.