Бүгүн, 29-декабрда саат 16:00 чамасында Ош облусунун Алай районундагы Ош-Сары-Таш-Эркеч-Там унаа жолунун 172-чакырымында ("Кыргызстан" ашуусу) кар көчкү түшүп, жол убактылуу жабылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
"Жолду тазалоого №960-Жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч, 1 грейдер жана 1 кар тазалоочу унаа тартылды. Кар көчкүнүн көлөмү такталууда", - деп жазылат маалыматта.