Дүйнө жүзү боюнча күнүнө миллиондогон түрдүү окуялар болуп, алардын ичинен эң кызыктуусу, маанилүүсү бүтүндөй коомчулуктун назарына ээ болот. Өтүп бара жаткан жыл да мындай окуяларга бай болду. Бул ирет Кыргыз жергесинде жана дүйнө коомчулугунун талкуусуна калган 2016-жылдын учурларын окурмандардын эсине салабыз.
СОЦИАЛДЫК ТАРМАКТАРДА КЫЗУУ ТАЛКУУГА АЛЫНГАН ОКУЯЛАР
"Чү" дегенде эле 5-январда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Орусиянын телеканалдарына Кыргыз өлкөсүндө өзгөчө макам берүү демилгесин коомчулуктун талкуусуна коюп, социалдык тармактардагы кыргыздардын сынына кабылган. Колдонуучулар бул демилгеге каршы чыгышкан, себеби ал каналдарга орус тили жана орусиялык контентти колдонуу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чектөөлөр колдонулбастыгы айтылган эле. Жыйынтыгында демилге коомдук талкуудан алынганын 11-январда өкмөт тастыктаган.
14-февралда Валентин күнүнө карата Өчпөс оттун жанында романтикалуу кеч уюштургандардын сүрөттөрү социалдык тармактарда жарыяланган. Тилекке каршы, бул окуя Өчпөс оттогу жалгыз терс көрүнүш болгон жок. Ушу жылдын акыркы айында социалдык тармактарда "Жеңиш" аянтындагы отко картошка бышыргандардын видеосу орун алган. Эки окуянын катышуучуларын укук коргоо органдары издегени менен, бүгүнкү күнгө чейин натыйжа чыга элек. Алгачкы "романтикалуу кечтен" кийин Бишкек шаардык мэриясы Өчпөс оттун жанына будка орнотулуп, күзөтчү иштей турганын билдирген, бирок будка орнотулбаганынан экинчи "курсак тойгузуу" окуясы орун алды. Мэрия мындай окуялардын алдын алуу үчүн акыры видеокөзөмөл орнотту.
Жогорудагыдай сыйлабастык окуясы "Айчүрөк" соода борборунун жанындагы фонтан комплексинде да болгон. Шаардыктар жана борбор калаанын коноктору бассейндеги жылкылардын жанында сүрөткө түшүшсө, кармана албаган жигит сууга карабай аны кечип өтүп, жылкыга отуруп сүрөткө түшкөн. Бул жорук да көз жаздымда калбай, соцтармактагылардын кыжырын келтирген.Көпчүлүккө жакпаган Орусиядагы кыргыз кыздарын кордогон "патриоттордун" дагы бир кылыгы интернет ааламына тарап, алар жарым айга жетпей Ички иштер министрлигинин колуна түшүшкөн. Бул окуя муну менен тынчып калбай, дүйнөлүк ММКлар да кыргыз "патриоттору" тууралуу жазып, чет элдиктерге терс жактан таанылдык. Макалаларда ачыкталбаган мындай жоруктар көп экени, интернетке тараган гана видеолор боюнча иликтөө иштери жүрөрү жазылган.
ФЛЕШМОБДОР, АКЦИЯЛАР
Жыл башында сейил бакта семичке чагып отурган кыздар менен болгон маекте айтылган сөздөрдү коомчулук өзгөчө терс кабыл алды. Анда кыздар семичкенин кабыктарын таштанды таштоочу челекке эмес, жерге таштап, кыздардын бири алар булгаган жерди көчө тазалаган жумушчулар тазалоого милдеттүү экенин айтып, ал үчүн аларга мамлекет акча төлөөрүн кошумчалаган. Коомчулук ошол замат ал кызды таап, жазага тартуу талабын коюп, #государствотөлөпберет хештеги менен ар кандай тамашаларды социалдык тармактарга жазышкан. Арадан көп өтпөй семичке чаккан кыз Акшоола Болотова экени аныкталып, Октябрь райондук административдик комиссиясы ага 2 миң сом айып пул салган. Айып пулдун өлчөмү тууралуу кабардар болгондордун айрымдары "2 миң сом эле экен, мен деле булгасам, оңой кутулат экенмин" деген өңүттө билдирүүлөрүн калтырышкан.
Бул жылы социалдык тармактардын кыргыз колдонуучуларынын арасында #ЭлдинБалдары флешмобу өзгөчө популярдуу болду. Анда колдонуучулар өздөрүнүн ата-энелеринен уккан башкалардын ийгиликтерин, салыштырууларын #ЭлдинБалдары хештеги менен бөлүшүшкөн. Албетте, башкалардын үлгүлүү балдары тууралуу айтылган сөздөрдү тамаша иретинде жазуу флешмобдун негизги мааниси болгон.
Чүй облусунун 90 жылдыгына арналган иш-чарада тартылган Бишкек шаарынын прокурору Нурлан Сулайманкуловдун сүрөтүнөн кийин #Зонтик же #Колчатыр акциясы кыргыз колдонуучуларынын арасына жайылган. Бул акция менен прокурордун "ак сөөктүк" жоругун коомчулук терс кабыл алганын көрсөтүп, өздөрү да кол чатыр менен сүрөткө түшүшкөн. Бирок колдонуучулар прокурорго караганда кол чатырды иш үстүндөгүлөргө же аны кармаганга даремети жетпегендерге гана кармап берүү керектигин билдиришкен.
13-июлда Бишкектин борбордук көчөлөрүндө "Кайран эл, кайда баратабыз?!" деген аталышта баннерлер илингенин дин кызматкерлери провокация катары кабыл алышкан. Айрымдар баннерлердеги негизги ойду туура деп эсептесе, айрымдары жабык кийинүү керектигин айтып, коомчулук экиге бөлүнгөн. Баннердин илинишин колдогондордун арасында президент Алмазбек Атамбаев да болуп, өлкө боюнча илиниши керектигин айтып, көп өтпөй анын айтканы аткарылган. Президент бул баннерлер кыргыздарга бөтөн элдин маданиятын таңуулоого каршы аракет экенин билдирген соң социалдык тармактарда #Кайранэлимкайдабаратабыз хештеги менен кезектеги акция башталган. Анда колдонуучулар суроону бергенден кийин күлкүлүү жоопторду жазышкан. Бул баннерлерди колдогондор жооп катары деги эле башка өлкөнүн ачык кийимин кийбей, улуттук жабык кийимди кийүүгө үндөгөн баннер илишкен, ал баннер көпкө турган эмес.
ДҮЙНӨНҮ КОШ КӨҢҮЛ КАЛТЫРБАГАН ОКУЯЛАР
2016-жыл башталганда интернет ааламында көк-чаар баштык кийген кичинекей баланын сүрөтү тарап, көпчүлүк аны табууга күч жумшаган. Себеби ал кийип турган баштыкта футболчу Лионель Мессинин ысымы жазылгандыктан, атактуу футболчу балага жардам берерин айткан. Бири ал баланы ирактык десе, кыргыз деп да айтып чыккандар болгон. Акыры британдык ВВС мекемесинин кызматкерлери сүрөттөгү 5 жаштагы ооганстандык бала Муртаза Ахмадини табышкан. Ахмадини агасы сүрөткө тартып, Facebook баракчасына жүктөгөнүн айтып, далил катары ал Муртазанын башка дагы ушул сыяктуу сүрөттөрүн көрсөткөн. Месси балага өзүнүн формасын белекке берген, бирок арадан 10 айдай убак өткөндө гана жолуккан. 13-декабрда "Барселона" футболдук клубу Дубайдын "Аль-Ахли" футболдук клубу менен болгон жолдоштук беттешинде Лионель Мессинин ооганстандык күйөрманы кумири менен майданга чогуу чыкканына кубанып, аны менен коштошкусу келбеген Муртазаны оюн талаасынан калыс алып чыккан.
Жердин ар бир жашы жеткен тургуну Сириядагы согуш тууралуу укса керек. Көп жылдарга уланган согушта айрым маалыматтар боюнча 300-500 миңдей адам курман болду. 2016-жылы ал жактагы окуялар көп чагылдырылып, коомчулуктун көңүлүн бурду. Бузулган шаарлар, миңдеген качкындар, ата-энесинен айрылган балдар, уул-кыздарын жоготуп ызаланган ата-энелердин сүрөттөрү жарыяланып, кээ биринин көз жашына себеп болду. Ал эми Алеппо шаарындагы урандылардын арасынан шок абалдагы 5 жаштагы Омран Дакништин сүрөтү Сириядагы жарандык согуштун символу болуп калды.