"Майып" деген сөздү "мүмкүнчүлүгү чектелген" деген сөзгө алмаштыруу боюнча мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү

ЖКда “Кыргыз Республикасындагы калкты социалдык жактан тейлөөнүн негиздери жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору каралды. Бул мыйзам долбоору боюнча баяндама жасаган КРнын Социалдык өнүктүрүү министри Кылычбек Султанов мыйзам долбоору менен "майып" деген сөз – "мүмкүнчүлүгү чектелген", "карыгандар" деген сөз "улгайгандар" деген сөздөр менен алмаштыруу сунушталып жатканын билдирди. Ошондой эле аталган мыйзам долбоорунда Конституция аркылуу Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарынын толук тизмеси келтирилгендиктен, мыйзам долбоорунда калкка кепилденген социалдык кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин бекитүү боюнча ыйгарым укукту өкмөткө жүктөө сунушталган. Ошону менен катар пенсияларды жана жөлөк пулдарды төлөп берүү пенсионердин же
жөлөк пул алуучунун жашаган (катталган) жери боюнча жүргүзүлѳрү көрсөтүлүүдө. Мыйзам долбоору добуш берүү күнүнө жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан