Кримавторитет Камчы Көлбаев боюнча кезектеги сот иши жабык эшик артында өтүүдө
Бүгүн, 25-апрелде Бишкектеги Биринчи Май райондук сотунда кримавторитет Камчы Көлбаевдин үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча кезектеги сот иши башталды. Жыйын жабык эшик артында өтүүдө. Өткөн отурумдарда белгилүү болгондой, учурда 2 жабырлануучу суралып жатат. Алар көрсөтмө берип бүткөн соң сот отуруму ачык болору айтылды.