"Азыркы учурда Жогорку Кеңешти таркатканга негиз жок", - деди бүгүн, 30-декабрда президенттин парламенттеги өкүлүнүн орун басары Анарбек Исмаилов.
Анын айтымында, мамлекеттик органдарды таркатуу туруктуулукка алып келбейт. "Мисалы, 2010-жылдан бери 6 жолу өкмөт алмашты. Туруктуулукка алып келдиби? Жок. Жогорку Кеңешти таркатканга кандай негиз бар? Парламентти жоюунун кереги жок. Республика бутуна туруп, алдыга кадамдарды жасап жатат. Ушундай жолдо баратканда парламентти же башка бир мамлекеттик органды таратуу же бузуу туруктуулукка алып келбейт. "Парламентти таркатыш керек" дегендерге ишенбеш керек, бул спекуляция", - деди Исмаилов.