“Нарын облусундагы Жумгал районунун жолдору качан оңдолот?”. Бул сөздү бүгүн, 25-апрелде депутат Кожобек Рыспаев ЖКнын жыйынында айтты. Ал билдиргендей, аталган райондун жана Суусамыр өрөөнүнүн унаа жолдору өтө начар абалга келди. “Жолдор КамАЗ чөгүп кеткидей абалга келип калды. Көмүр ташыгандар жолдун баарын бузуп бүтүштү. Бирок аны оңдошубуз керек да, качан карайбыз жолдордун абалын?”- деди депутат. Ошондой эле Рыспаев Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттигинин башчысы Ишимбай Чунуевдин ээлеген кызматын кароону өкмөткө сунуштаганын айтып, бирок эч кандай жыйынтык чыкпаганын билдирди. “Чунуевдин бардык кемчиликтерин далилдеп бердик эле, анын ээлеген кызматын карап чыгуунун ордуна жумуртка баскан тооктой болуп калкалап жатат”,- деди ал.