Ошто бир катар спортчулар жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан жемиштүү кайткандар сыйланышты

Ош шаарында жылдын мыкты спортчулары жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан жемиштүү кайткандар сыйланышты. Бул тууралуу аталган шаардын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ош шаарында республикалык, эл аралык жана дүйнөлүк мелдештерге катышып алдынкы орундарды багындырган спортчулар Ардак грамота жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

“Биз сыймыктануу менен айта алабыз. Силер өлкөнүн намысын коргоп, Кыргыз өлкөсүнүн желегин дүйнөгө таанытып, көтөрүп жатасыңар. Силерге Жараткан күч-кубат берсин! Кийинки жыл мындан да жемиштүү жылдардан болсун. Ош шаары “Көчмөндөр ааламы” этномаданият фестивалынан 7 диплом алып, ийгиликтер менен кайткан. Эң башкысы, улуттук тамак-аш боюнча баш байгени багындырса, жигиттерибиз боз үй тургузуп биринчиликти багындырышты. Муну шаарыбыз үчүн чоң жетишкендик деп эсептейм”, - деген мэр Айтмамат Кадырбаев.

Белгилей кетсек, улуттук тамак-аш жасаган ашпозчулар, кол өнөрчүлөр, улуттук саркеч кийимдерди тиккен уздар, ыкчам боз үй тиккен шамдагай жигиттер, көркөм өнөр ээлери, тарыхый инсандарды чагылдырган чыгармачыл топ иш-чарага активдүү катышып, ийгиликтүү катышкандыгы үчүн II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын диплому, шаар башчысынын ыраазычылык баракчасы жана акчалай сыйлыктары тапшырылды. Ал эми Ош шаары "Көчмөндөр ааламы" этномаданият фестивалына катышкандыгы үчүн диплом жана 300 миң сомдук сертификат менен сыйланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан