Ысык-Кѳл. Облуста ички чарбалык арыктарды тазалоого 5,5 миллион сом жумшалды

Быйыл Ысык-Көл облусунда жергиликтүү бийликтин көзөмөлү менен жалпы 85 чакырым ички чарбалык арыктар тазаланышы керек болсо, бүгүнкү күндө алардын 75 чакырымы тазаланды. Ал эми ашар ыкмасы менен 941 чакырым арык тазалоо пландалса, учурда анын 751 чакырымы бүткөрүлдү. Бул тууралуу өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Назира Муканбетова кабарлады. Белгилүү болгондой, жогоруда айтылган иштерге 5,5 миллион сом жумшалды.

Кошумчалай кетсек, облус боюнча жалпы 3900 чакырым сугат арыктары бар, ички чарбалык арыктардын узундугу 3140 чакырым. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан