Бишкекте Октябрь райондук администрациясынын кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ИИББинин маалымат кызматы билдирет. 24-апрелде ШИИББинин Мыйзамсыз кирешелерди легалдаштыруу бөлүмүнө шаар тургунунан арыз келип түшкөн. Арызда аталган райондук администрациясынын кызматкери анын 7-кичи райондо жайгашкан соода күркөсүн ижарага берүүгө байланышкан маселелерин чечип берем деп, 35 миң сом талап кылгандыгы айтылат. Ошол эле күнү аталган кызматкер укук коргоо кызматкерлери тарабынан 10000 сом пара алып жаткан жеринен кармалды. Катталган факты боюнча учурда кылмыш иши козголду. Тергөө иштери жүрүп жатат.