SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Төшөккө сунуштар болду беле?" деген тема талкууга алынууда.
Темадагы билдирүүлөрдөн:
"Студент кезде окуудан сырткары таксист болуп иштечүмүн. Түнкү саат 2 болуп калган. Бир улуу эле эже түштү, бир аз кызуураак экен. "Асанбайга айда" деди. Уяты жогураак неме экен, баргыча ар нерсени айтып башты оорутту. Анан жеткенде "балам, бир эс албайлыбы, үйдө өзүм элемин" деп коёт. Жаш неме болсо бир жөн, улгайып эле калган эже".
"Борбордо дүкөндө отурсам бир эже келди, менден он жаштай улуу. Ар бир товардын баасын сурап жатып акырында бир балдардын бут кийимин, бир аялдардын бут кийимин кармап, "ушул экөөнү мага бер да, экөөбүз барып бир жерге эс алып келели" дейт. Жумуш ордумда эч ким жок болгондуктан, "эже, мен азыр бош эмесмин, кечирээк келиңиз, дүкөндү чогуу жаап кетели" десем, "кечинде мен башка менен эс алам" дейт. "Анда башкага айтыңыз, бул оюнду" деп узатып койдум".
Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.