Кыргыз жергесиндеги Кытай элчилиги виза берүү үчүн жумасына 75 документ гана карап жатат

Үстүбүздөгү жылдын 30-августунда Бишкектеги Кытай Эл Республикасынын элчилигинде болгон жардыруудан кийин Кытай тарап кыргыз жарандарына виза берүүнү токтоткон. Бир нече сүйлөшүүлөр өткөн соң Кытай элчилиги 29-ноябрдан тарта убактылуу чектелүү түрдө иштей баштаган.

"Кытай тарап документтерди кабыл алууда убактылуу чектөө койгон. Бүгүнкү күндө күнүнө 25 жарандын документтери кабыл алынат, жумасына 3 күн кабыл алуу күнүн киргизишкен. Жыйынтыгында бир жумада 75 документ каралып жатат", - деп билдирет Кыргыз Республикасынын Консулдук кызматынын департаменти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан