Жаңы жылдык майрамда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги күчөтүлгөн тартипте иштейт. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 31-декабрда өлкө боюнча өрт-куткаруучу бөлүктөрүнүн 800дөн ашуун кызматкери иштейт, 160 атайын техника тартылат, алардын ичинен 129у өрткө каршы, 21и куткаруучу техника.
"Өзгөчө кырдаал жаралган учурда 112 номерине чалыңыздар", - деп жазылат маалыматта.