Кыргыз Республикасы Ислам өнүктүрүү банкынан Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун бир бөлүгүн реконструкциялоо үчүн насыя алат

Кыргыз Республикасы Ислам өнүктүрүү банкынан Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун 159-183-чакырымдарын реконструкциялоо үчүн насыя алат. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы кабарлады.

"Алмазбек Атамбаев 2016-жылдын 9-июнунда Сауд Арабия Падышалыгынын Жидда шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Ислам өнүктүрүү банкынын ортосундагы Түндүк-Түштүк (Балыкчы-Жалал-Абад) альтернативдүү автоунаа жолунун 159-183-чакырымын реконструкциялоо долбооруна тийиштүү "Кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду", - деп айтылат маалыматта.

Мыйзам 2016-жылдын 24-ноябрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Макулдашуунун максаты – өлкөнүн түндүгү менен түштүгүн тутамдаш, үзгүлтүксүз транспорттук жол каттамы менен камсыз кылуу. Макулдашууда Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун аталган чакырымдарын кайра калыбына келтирүү каралган.

Маалыматка ылайык, каражат Түндүк-Түштүк альтернативдүү автоунаа жолунун тилкелеринин абалын жакшыртуу, анын ичинде жер жана дренаждык иштердин жүргүзүлүшү, асфальт төшөө жана көпүрөлөрдүн реконструкциясы үчүн пайдаланылат. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Revolyutsiya
2016-12-31 10:55:59
Атамбаев ушуга чейин алган 3 млрд долларды "сугунуп" койдубу, кайда жумшап жатат, же суунун аркы бетине хан сарай салыш учун дагы акча керек бекен?!! Тундук-туштук жолу менен Датка-Кеминге ошол 3 млрд доллардын жарымы да кетпейт болуучу, Атамбаев дагы карыз алып журот?!! Бул бийликти ким козомолдойт?!! Бул акчалар кайда иштетишип жатканынын эсебин элге бийлик береби?!! Али кочмондор оюнундагы миллиондор дайынсыз. Деги бийлик билген ..... жей береби?!!
+1
elchi84
2016-12-31 12:37:16
Дагы кичине карыз алып Ноокен районундагы жолдорду карап койгулачы танка менен журо турган болуп калды.
0
KGstan1981
2016-12-31 16:19:19
Карыз карызды чакырат.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан