Мындан 20 жыл мурун, 1996-жылы 31-декабрда Гватемалада Жарандык согуш аяктаган. Ал 1960-жылы 13-ноябрда башталып, 36 жылга созулган. Айрым маалыматтарда бул согушта 150 миңден ашуун адам каза болгону айтылса, айрымдарында 200 миңден ашуун адам деп жазылган.
Өлкөдөгү туруксуз абалдын түзүлүшү 1954-жылы башталган. Анда АКШнын жардамы менен болгон мамлекеттик төңкөрүш Гватемаланын президенти Хакобо Арбенсти президенттиктен түшүргөн. 1960-жылы 13-ноябрда борбордук аскер бөлүктөрүндөгү офицерлер бийликке каршы чыгышкан. Алардын аракетин басууга үлгүрүшкөн. 1962-жылы алгачкы партизандык кыймылдарынын 2 очогу жаралган. Бул чатактан улам айрым жер ээлери кошумча жерлерди басып, индей элин кырышкан.
1996-жылы тараптар өз ара келишимдерди түзүшүп, Жарандык согуш аяктаган.
31-декабрдын жылнаамасы.