Саналуу сааттардан кийин бир жыл бою биз менен чогуу болгон 2016-жыл коштошуп, 2017-жыл эшик кагып кирип келет. SUPER.KG порталы жалпыңыздарды Жаңы жылыңыздар менен кызуу куттуктайт! Эски жылда аткарылбай калган аруу каалоолор, изги тилектер жаңы жылда ишке ашып, Кыргыз мамлекетинде тынчтык, бейпилдик, элибизде ынтымак-ырашкерлик, өсүп-өнүгүү болсун. Ар бириңиздердин үй-бүлөңүздөрдү береке-кут, жагымдуу жаңылыктар, ырыс-кешик жылоолосун. Түндүгүбүз бийик, түбөлүгүбүз бекем болуп, келечегибиздин өмүр гүлү соолубасын.
Соңуна чыгып калган 2016-жыл жаман жылдардан болгон жок. Эң башкысы, башка жылдарга салыштырмалуу мамлекетибиз тынч, массалык кагылышуулар жана жоготууларсыз өттү десек болот. Мамлекет тынчтыгы, саясий стабилдүүлүк - бул элдин бейпилдиги. Андыктан кирип келе жаткан жыл элибизге ынтымак, кут, береке, өсүү, кары-картаңдарга кадырлуу карылык, ден соолук, жаштарыбызга талыкпаган эмгек, өнүгүү, күжүрмөн күч жана ынтымак алып келсин.
Дагы бир жолу Жаңы жылыңыздар менен!