Депутат Жоомарт Сапарбаев мектептердин дааратканалары миллиондогон сомдорго курулуп жатканына таң калууда

Бүгүн, 25-апрелде ЖКнын жыйынында депутат Жоомарт Сапарбаев “Кумтөр” жыл сайын Ысык-Көл облусунун Өнүктүрүү фондуна 10 миллион доллар бөлөрүн, бирок бул каражаттарды бөлүштүрүүдө көп маселе жаралып жатканын билдирди. Анын айтымында, аталган облустун мектептеринде дааратканаларды курууну Капиталдык курулуш башкармалыгы 500 миң сомдон 1,2 миллион сомго чейин баалаган. “Айыл жергесиндеги мектептерди курууга кантип эле миллиондогон каражат кетсин? Тиешелүү жетекчиликтердин жоопкерчилигин карап чыгуу керек. Себеби жергиликтүү бийлик 10 миллион доллар каражатты кайсы жакка жумшап жаткандыгы белгисиз болуп жатат”,- деди эл өкүлү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан