2017-жылдын 2-январына чейин жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолундагы Төө-Ашуу, Ала-Бел ашууларында, Чычкан капчыгайында, Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-90-145-150-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 65-99-чакырымдарында, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Нарын-Казарман унаа жолундагы Кара-Көө ашуусунда, Ийри-Суу тилкесинде жана Каракол-Эңилчек унаа жолундагы Чоң-Ашуу ашуусунда кар көчкү түшүү коркунучу жана кар күрткүсү сакталат, жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
"Адамдардын өлүмүнө жеткирбөө жана материалдык чыгымдарды азайтуу максатында, 2016-жылдын 30-декабрында тийиштүү Жарандык коргонуу кызматтарына, КРнын Өкмөтүнүн облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнө, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жеткирилген жана уюлдук операторлор аркылуу элге СМС-билдирүүлөр жөнөтүлгөн", - деп айтылат маалыматта.