КҮНСЕРЕП: 2016-жыл. Эсте калган окуялар

Бүгүн, 31-декабрь. Жыл ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.

2016-жылы биз эмнеге жетиштик, эмнени жоготтук, кемчилиги эмнеде, ал эми жетишкендигичи? Быйылкы жылдын соңку күнүндө артка кылчайып бул суроолорго жооп издедик.

Ишке ашпай калган ири долбоор. 2015-жылдын аягында президент Алмазбек Атамбаев Орусия Камбар-Ата 1-ГЭСинин жана Жогорку Нарын каскадынын курулушун ишке ашыра албай турганын айтып, бул ишке байланыштуу маселелер бүгүнкү күнгө чейин бүтө элек. Тагыраагы, жогорудагы ири энергетикалык долбоорлорду ишке ашырмакчы болгон “РусГидро” компаниясы Кыргыз мамлекетин сотко берүүгө даярданып жатканын башчысы айтып, сарптаган 36 миллион долларды кыргыз өкмөтүнөн кайтара албай жатышканын билдирген. Ал эми кыргыз өкмөтү жана парламенти 36 миллион доллардын максаттуу жумшалганынан шекшип, көз карандысыз аудит жүргүзүү керек деген позицияны карманып турат. Айтор, бул маселе эки жактын тартышуусунда жана ага жакын арада чекит коюлчудай түрү жок. Бул аралыкта өлкөнү электр энергиясы менен камсыз кылган Токтогул ГЭСинде абал жылдан-жылга кооптуу болуп бара жатат. 2015-жылдын аягында, кийин 2016-жылдын башында, жакында эле декабрь айында аталган ГЭСтин агрегаттарында авария катталды. Соңку аварияны коомчулуктан жашырышканы энергетикалык тармакта мандем иштер бардыгынан кабар берет. “Бир жыл мурун оңдоо жүргүзүлгөн агрегат эмне үчүн кайра бузулду, ал жакын арада ишке кирбесе, электр энергияны маал-маалы менен өчүрүүлөр башталабы?” деген суроолор актуалдуу боло баштайт. Ал эми энергетикалык тармактагы эскилиги жеткен техниканы, жабдууларды жаңылоого бюджеттин тартыштыгы жол бербейт, тарифти дагы бир ирет жогорулатуу калктын нааразычылык толкунун эселеп көтөрүүгө алып келет. “Ширшовдук схема” жоюлат” деген убадалар сөздөн иш жүзүнө өтпөй, ушул убакытка дейре энергетикалык тармактагы коррупциялык иштерге айыпталып бир да адам кармалган жок. Бул бийликтегилердин айрым калыптанып калган коррупциялык системди жоюуга кызыкчылыгы жоктугунан кабар берет...

Өзбек десанты. Барымтага алынган 4 жаран. Кыргыз мамлекети Кытай жана Казакстан менен чек арасын такташып бүткөн, ал эми бул маселе аягына чыга элек Тажикстан жана Өзбекстан менен жыл сайын ар кандай жаңжалдар орун алып келет. Бул жылы кыргыз-өзбек чек арасында курч кырдаал өкүм сүрүп турду. Январда Жалал-Абад облусунун Аксы районунда кыргыз жарандарына өзбек чек арачылары ок чыгарып, ал окуя 1 кыргыз жаранынын жаракат алуусу менен аяктаган. Мартта кайра эле Аксы районунун такталбаган Чала-Сарт аймагына өзбек тарап чек арачыларын, аскердик техникасын киргизип, Ала-Бука, Чаткал райондорун борбор менен байланыштырган жалгыз жолго көзөмөл постун орнотуп, тынч жаткан эл дүрбөлөңгө түштү. Август айында Үңкүр-Тоого өзбек десанттары келип, анда жайгашкан ретрансляциялык станциянын кызматкерлери болгон 4 кыргыз жаранын кармап кетишкен. “Өзбекстандын аймагында мыйзамсыз жүргөн” деген шылтоо менен кармалган ал жарандар бир айга чукул камакта жатышты. Бир нече жолку сүйлөшүүлөрдөн кийин гана аларды Кыргыз мамлекетине өткөрүп беришти. Бул аралыкта Өзбекстандын туңгуч президенти Ислам Каримов кайтыш болду. Акырындап кыргыз-өзбек мамилесинде жылыштар орун алып, президент Алмазбек Атамбаевдин өткөн аптада Өзбекстанга барган иш сапарында эки өлкөнүн ортосундагы чек ара маселелери жакынкы аралыкта чечилип бүтөрү айтылды. Ташкент менен чек араны такташып алууга чекит коюлса, анда бул эмгек Алмазбек Атамбаевдин президенттик мөөнөтүндө жасаган чоң иштеринин бирине айланат...

Жылдын диний талаштары. Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев менен экс-муфтий Чубак Жалиловдун тартышы бул жаатта бышып-жетилген көйгөйлөрдүн көшөгөсүн ачты. Жаңжал "жума күнү түшкү тыныгууну намазга байланыштуу бир саатка узартууну сунуштаган мыйзам долбооруна каршы добуш берген депутаттардын жаназасына барбайбыз", "аларга көрүстөндөн орун бербеш керек" деген опузага чейин жетти. Кийинчерээк борбордо, анан өлкөнүн башка аймактарында чүмбөттөлгөн кыз-келиндердин сүрөттөрү чагылдырылган, “Кайран элим, кайда баратасың?” деген кайрылуу сөздөрү жазылган көрнөк-жарнактар илинди. Буга байланыштуу талкуу тыйыла электе Ала-Бука районунда баптист делген аялдын сөөгү коюлган жеринен үч жолу казылып алынып, акыры кайда көмүлгөнүн элден жашырууга туура келди. Бул окуялар Кыргыз мамлекетинде дин маселеси терең иликтөөнү, кылдат мамилени талап кылган кооптуу күчкө айланып кеткенин көрсөттү...

Жылдын ыйы жана ызасы. Август айында Москва шаарындагы басмаканадан чыккан өрт 14 кыргыз кыз-келинин жалмап кетти. Бул каргашалуу окуя жамы журттун жүрөк оорусуна айланып, чет жерде иштеп жүргөн жакыны бар дээрлик ар бир кыргыз үй-бүлөсүн мүңкүрөттү. Өрт учурунда “Мен биздин коррупционерлерге айткым келет: бизде баары жакшы болсо, бул жакка келбейт элек, акмактар билгиле!” деп сай-сөөктү сыздата ыйлаган кыз бүткүл кыргызды силкинтип, бириктирди. Жогорку Кеңеш, өкмөт опурула чет жакта эмгектенген кыргыз жарандарынын маселелерин көтөрүшкөндөй болгон, бирок ал демилгелер көзү өткөн кыздардын кыркына жетпей эле унутулуп кетти...

Олимпиадалык жыл ийгиликсиз жыйынтыкталды. Быйылкы жылы Рио-де-Жанейродо өткөн Олимпиада оюндарынан кыргыз спортчулары дагы медалсыз кайтышты. Оор атлетика боюнча коло алган Иззат Артыков "допинг колдонду" деген айып менен медалдан кур жалак калды. Эл үмүт арткан балбан Айсулуу Тыныбекова да ийгиликти багындыра албай, оюндан кийин “Олимпиададан медаль тагынмайынча башка ишти ойлонбойм” деп убада берди. Дагы бир балбан Арсен Эралиев медаль албай калганы үчүн кечирим сурап, көзүнө жаш алганы баарынын эсинде калды. Жеңилүүнүн себебин көбүнчө каржылоого такашты, ошол эле учурда 2-ирет өткөрүлгөн Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына сарпталган акча коомчулуктун сынына кабылды...

Жылдын чуулгандуу отставкасы. Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына карата даярдык Темир Сариевди өкмөт башчылыктан алып түштү. Тагыраагы, ал өкмөт башчылыктан ири иш-чара өтчү Ысык-Көлгө алып барган Балыкчы-Корумду жолун оңдоо боюнча тендерден улам ыргыды. Андан бери экс-премьер оппозицияга да ооп кетпей, бийликке да кошулбай, кийинки жылы өтүүчү президенттик шайлоого камылга көрүп жатат...

Жылдын тиреши. 2020-жылга жеткирбей Баш мыйзамга 9-ирет өзгөртүү киргизүү аракети президент Алмазбек Атамбаев менен Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү, өзгөчө Өмүрбек Текебаевди эки ажырым жолго салды. Жай мезгилинен старт алган тиреш элге айтылбай келе жаткан бир топ иштердин бетин ачып, 11-декабрда жалпы элдик добуш берүүдө Конституцияга өзгөртүү киргизүү көпчүлүк тарабынан колдоо табуусу менен басаңдады. Азырынча бул тиреш экс-башкы прокурор, учурда Жогорку Кеңеште “Ата Мекен” фракциясынан депутат Аида Саляновага карата козголгон кылмыш иши менен токтоп турат...

Жылдын көңүл калуусу. 2015-жылдын август айында Кыргыз өлкөсү ЕАЭСтин толук укуктуу мүчөсү болгонуна карабастан, ушул кезге чейин анын 170 миллиондук рыногунун босогосун толук аттай элек. Кыргыз-казак чек арасындагы фитосанитардык көзөмөл ушул жылдын октябрында гана алынды, ал эми ветеринардык көзөмөлдүн кайсы заманда алынары бүдөмүк. Президент Алмазбек Атамбаев 26-декабрь күнү Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин жыйынында чечилбей жаткан маселелерди талкуулоону союздаштарына сунуш кылды. Мамлекет башчы маселелер чечилбесе, кыргыз эли ЕАЭСке кошулушуна өкүнө баштайт деп кыйытты...

Президенттик жарышка түшчү талапкерлер. Келерки жылы Кыргыз мамлекети алдыдагы 6 жылда өлкөнү башкаруучу президентти шайлайт. Президенттик жарышка катышарын ачык билдирип чыккан адамдар азырынча үчөө: Адахан Мадумаров, Темир Сариев жана Турсунбек Акун. Фаворитке айланчу талапкерлердин бири Өмүрбек Бабанов “партия кандай чечсе, ошондой болот” деп интрига сактамыш болуп жатса, Адахан Мадумаров, Камчыбек Ташиев, Ахматбек Келдибековдун триосунан кимиси чыгары белгилүү боло элек. Өмүрбек Текебаевге келсек, анын партиясы жазында жана 11-декабрда болуп өткөн жергиликтүү шайлоолордо артта калды. Бийликтин командасынан ким талапкер болуп чыгары да азырынча табышмак. Эмдиги жылы президент Алмазбек Атамбаевдин ордуна келчү адам “икс” бойдон турат...

Жылдын кубанычы. “Азия Mix” командасы КВНдин Жогорку Лигасынын чемпиону аталып, бул кабар Орусиядагы мекендештерди, дегеле бүтүндөй кыргыз журтун сүйүнттү. Көздөгөн максатка карай талыкпай эмгектенүүнү уланта берсе, келечекте сөзсүз ийгилик болорун далилдеген команданын жеңиши жылдын соңун жагымдуу маанайга бөлөдү.

Жалпы жонунан 2016-жыл тарых барактарында оор жылдардын бири катары эсте калат. Катачылыктарсыз ийгилик да келбейт. Бул жылдын катачылыктарынан сабак алып, кийинки жылдары аны кайталабай, жалпы өлкөдө позитивдүү жылыштар болот деген ишеним менен 2016-жылды жыйынтыктайбыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан