Бүгүн, 31-декабрда бүтүндөй кыргыз эли Жаңы жыл майрамын белгилөөгө камынып жатат. Бишкектеги "Ала-Тоо" аянтындагы майрамдык балатыны көрүүгө көпчүлүк эл эртең мененки саат 10:00дөн баштап келе баштады. Концерттик программанын башталышында жаңы жылдык ырлар жаңырып, цирк өнөрпоздору көрүүчүлөргө өз өнөрлөрүн тартуулап, майрамдык маанайларын көтөрдү. Ошондой эле балдар үчүн мультфильм каармандары бийлерин бийлешти.
Аида Эдил кызы балаты майрамын көрүүгө эки баласы менен келген. Ал балдарына майрамдык салтанатта жомоктогу каармандардын ырдап-бийлегени жакканын айтат. "Мен балдарым менен балаты майрамын көрүүгө келдим. Маанайларыбыз жакшы. Кызым Аяз атаны көрүп аябай сүйүндү. Аларга жакшы таасир калтырды", - деди Аида Эдил кызы.
Майрамдык иш-чарага эстрада ырчысы Нурмат Садыров да катышты. "Жалпы кыргыз элин Жаңы жыл майрамы менен куттуктайм! Элибизде ынтымак, токчулук болсун!" - деп каалоо-тилегин айтты ырчы.
Ал эми КРнын Эмгек сиңирген артисти Бакыт Ыбыкеев "Бишкегим" аттуу ыры менен көрүүчүлөрдүн мекенге болгон сүйүүсүн ойготту. Андан тышкары жаңы жылдык майрамга Айчүрөк Иманалиева, Адилет Азимов, "60 К" тобу, Анжелика, "Чоро" тобу, Курал Чокоев, Нурлан Насип, Дастан Осмонов катышууда.