Бүгүн, 31-декабрда "Ала-Тоо" аянтында майрам учурунда "Тазалыктын" кызматкерлери аянтка тоңгон муздарга туз сээп, тазалап жатышат. Ал эми "Тез жардам" кызматы эс алуучулардын саламаттыгына көз салып, тартип сакчылары коопсуздукту камсыздоодо. Чүй кең көчөсү Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейин бетон тосмолору менен жабылып, укук коргоо органдарынын кызматкерлери аянтка келгендерди кылдаттык менен текшеришүүдө. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз катчысы Олжобай Казабаевдин айтымында, мындай чаралар эс алуучулардын коопсуздугун камсыздоо үчүн көрүлүп жатат.
Бишкек шаардык мэриясы аянтты жасалгалоону бүгүн да улантышууда. Алар учурда улуттук боз үйдү тигип жатышат. Ошондой эле концерттик программа жыйынтыкталгандан кийин милиция кызматкерлери аянтты элден бошотуп, иттер менен изилдеп, "Тазалыктын" жумушчулары тазалоо иштерин жүргүзүштү. Бул аракеттер кечки концерттик программага даярдык катары көрүлдү.