Апрель окуясы боюнча соттолгон, 2010-жылы Бакиевдин кеңешчиси болуп турган Эльмурза Сатыбалдиев абактан мөөнөтүнөн мурда шарттуу түрдө бошотулду. Мындай маалыматты анын жакындары "Азаттык" басылмасына ырасташкан. Маалыматка ылайык, Сатыбалдиев абак мөөнөтүнүн үчтөн экисин өтөп бүткөнү эске алынып ушундай чечим чыгарылган.
Эскерте кетсек, 2010-жылдагы Апрель окуясы боюнча айыпталган мурунку башкы прокурор Нурлан Турсункулов, "Альфа" атайын даярдыктагы аскер бөлүгүнүн мурунку командири Алмаз Жолдошалиев, ошол кездеги президенттин кеңешчиси Эльмурза Сатыбалдиев жана президенттик аппараттын мурунку башчысы Каныбек Жороев "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча 2014-жылы 10 жылга соттолушкан. 2016-жылы 3-июнда Аскер соту биринчи инстанциядагы чечимдерди күчүндө калтырып, ошол кезде жетекчилик кызматта турбаган аскер кызматкерлерине мунапыс жарыялаган. СИЗОдо жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндүктөн эркиндикке чыгышы керек болчу, бирок Республикалык Аскер соту бул чечимди кийин жокко чыгарган.