Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы жылдык концерт башталды

Бүгүн, 31-декабрда Ош шаарынын борбордук аянтында жаңы жылдык майрам балдар үчүн даярдалган иш-чара менен башталды. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
"Борбордук аянтта “Келечек” чыгармачылык балдар борборунун таланттуу балдары, кичинекей ырчылар, бий топтору, ошондой эле “мыкты” деп тандалып алынган мектептердин таланттуу окуучулары, 20 жуп Аяз ата жана Аяз кыз майрамдык шоу тартуулашууда", - деп жазылат маалыматта.
Маалыматка ылайык, бүгүн Ош шаарынын борбордук аянтында шаардыктар жана коноктор үчүн бир катар майрамдык иш-чаралар тартууланат. Ош шаарынын Дене тарбия жана спорт комитети тарабынан уюштурулган аркан тартыш, кол күрөш, гиря көтөрүү, кап менен секирүү жана эстафета сыяктуу спорттук жарыштар уюштурулат.
Мындан сырткары жомоктордон кыскача үзүндү, "тамашоучулардын" тамашалары, Аяз ата, Аяз кыздардын парады, оюн-зоок программалары болот. Кечкисин борбордук аянттагы жаңы жылдык балаты Ош шаардык маданият башкармалыгы жана Жаштар комитети тарабынан даярдалган чоң программадагы концерт менен коштолуп, майрамдык фейерверк менен жыйынтыкталат.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
mandalak
2016-12-31 17:32:30
Ош жергебиз жайго
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан