Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков өлкө элин Жаңы жылы менен куттуктады. Куттуктоонун тексти:
"Кымбаттуу кыргыз жарандары! Урматтуу мекендештер!
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан Жаңы жылыңыздар менен чын дилимден куттуктайм! Өтүп бараткан жылды узатып жатып аткарылган иштерге, окуяларга саресеп салсак, президентибиздин жарлыгы менен “Тарых жана маданият жылы” деп жарыяланган 2016-жыл көп жакшылыктардын, зор ийгиликтердин жылы болгонуна ынанабыз.
Негизги соода өнөктөш өлкөлөрдөгү экономикалык кыйынчылыктарга карабай быйыл Кыргыз мамлекетинин ички дүң продукциясы 3,5 пайызга өстү. 90дон ашык социалдык-маданий объектилер салынып, эксплуатацияга берилди. Жалпы узундугу 225 чакырым асфальт жолдор курулду. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө берилчү жөлөк пулдардын өлчөмүн 15 пайызга, пенсиялардын көлөмүн 10 пайызга көбөйттүк. Муктаж жарандарыбызга төмөндөтүлгөн пайыз менен ипотекалык насыяларды берүү үчүн зарыл каражаттарды бөлүп бердик. Аткаруу бийлигинин натыйжалуулугун жогорулатыш үчүн министрликтер менен мекемелердин түзүмүн оптималдаштыруу ишин баштадык. Бири-бирин кайталаган функцияларды бириктирип, штаттарды кыскарттык. Бийлик өкүлдөрү элге жакын, алардын көзөмөлүндө болуш үчүн көпчүлүк мамлекеттик функцияларды райондун деңгээлине түшүрдүк. Кудайга шүгүр, көп иштер аткарылды. Элибиздин алдында жүзүбүз жарык болуп, жогоруда айтылган жыйынтыктарга жетиштик.
Урматтуу мекендештер! Кыргыз өкмөтү элдин жашоо-турмушун жакшыртууну, коомдук-саясий туруктуулукту сактоону жана экономикалык өнүгүүнү камсыз кылууну 2017-жылдагы өзүнүн башкы милдеттери катары белгилейт. Кудай буюрса, бул максаттарды ийгиликтүү ишке ашырабыз. Келерки жылы Евразиялык экономикалык биримдикке киргенибиздин алгачкы жемиштерин ала баштайбыз, анткени тиешелүү мыйзамдык база толугу менен түзүлдү. Зарыл болгон мамлекеттер аралык макулдашууларга жетиштик. Ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды, чек ара постторун куруу иштери кызуу жүрүп жатат. Экспортту колдонуу үчүн зарыл иш-чаралар аткарылды. 2017-жыл Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында алгачкы натыйжаларга жетүүнүн мезгили болот”.