Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Чыныбай Турсунбеков өлкө элин Жаңы жылы менен куттуктады. Куттуктоонун тексти:
"Урматтуу мекендештер!
Сиздерди Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин жана өзүмдүн атымдан кирип келген Жаӊы жылыӊыздар менен чын дилимден куттуктайм!
Бул майрам - адам өмүрүнүн дагы бир барагын артка калтырып, жакшы тилек-үмүттөрдү тартуулаган, жаӊы жашоонун келе жаткандыгын жар салган улуу күн.
Ардактуу Кыргыз Республикасынын жарандары!
Быйылкы жыл республикабыз үчүн жемиштүү жылдардан болду десем жаӊылышпайм. Президентибиз Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин демилгеси менен "Тарых жана маданият жылы" деп жарыяланган бул жылда улутубуздун улуулугун даӊазалаган бир топ тарыхый окуялар, маанилүү маданий иш-чаралар өттү. Экинчи дүйнөлүк көчмөндөр оюну уюштурулуп, көчмөн цивилизациясынын добушу дагы бир жолу Ала-Тоодон жаӊырды. Дүйнөнүн ар тарабынан келген меймандар жерибиздин кооздугуна, элибиздин меймандостугуна, улутубуздун улуу тарыхка ээ экендигине суктанып кайтышты.
Саясий-экономикалык жаатта да жылыштар бар. Евразиялык экономикалык биримдиктин сыноолорунан өтүп жатабыз. КМШга башчылык кылуу милдети быйылкы жылы Кыргыз мамлекетине тийип, аталган бирикменин жогорку деӊгээлдеги мааракелик жыйындары Бишкекте өттү.
2010-жылы Кыргыз мамлекетинин эли башкаруу системибизди өзгөртүп, парламенттик-демократиялык багытты тандап алган эле. Бирок Конституциябызда мүчүлүштүктөрдүн бар экени байкалып, парламенттик башкаруу системин чыӊдап, өлкөбүздүн көз карандысыздыгын бекемдей турган түзөтүүлөрдү киргизүү зарылчылыгы келип чыккан. Ага ылайык, заманбап технологиялардын жардамы менен референдум өткөрүлүп, жыйынтыгында дагы бир ирет Кыргыз өлкөсү демократиялык багытта ийгиликтүү кадам жасай алды.
Жалпысынан бул жылы өлкөдө туруктуулук сакталып, мамлекетибиз коомдук-саясий өнүгүүнүн дагы бир баскычына көтөрүлүүгө шарттар түзүлдү. Жогорку Кеӊеш парламенттик-демократиялык чакырыктын алдында калк турмушун жакшыртууга багытталган кыйла мыйзам долбоорлорун даярдап, ар кандай эл аралык макулдашууларды карады.
Ошондой эле мыйзам чыгаруу жана анын аткарылышын көзөмөлдөө ишин жакшыртуу багытында 2021-жылга чейинки өнүктүрүү стратегиясы иштелип чыгып, кабыл алынды. Ар бир депутат шайлоочулар менен тыгыз иш алып баруу максатында аймактардагы элдин абалы менен таанышууну адатка айлантып, көйгөйлөрдү жеринде чечүүдө активдүүлүгүн көрсөтүштү.
Жаӊы жылдын босогосунда туруп, жалпы кыргыз жарандарына ынтымак жана биримдик каалайм. Ааламдашуу доорунда өнүккөн мамлекеттердин улуу көчүнө кошулуу үчүн Кыргыз Республикасына тынчтык жана туруктуулук керек.
Кымбаттуу мекендештер!
Дагы бир жолу жаркырап кирип келген 2017-жаӊы жылыңыздар менен куттуктайм! Сиздерге чың ден соолук, бакубат жашоо жана майрамдык маанай каалайм. Өлкөбүз өнүгүп, Кыргыз жергеси үчүн жаӊылануунун жана ырыс-куттун жылы болсун!"