Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өлкө элин Жаңы жылы менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосу:
"Урматтуу менин мекендештерим! Бир боорлорум!
Ар бирибиз эңсеп күткөн көз ирмемдер жакындап, коломтобуз жылуулукка бөлөндү. Жаңы жыл - наристеге да, карыяга да тегиз мээримин чачкан майрам. Токчулук менен ырыскынын, жаркын үмүттөр менен кыял-тилектердин майрамы.
Ар бир жыл өзгөчө болот. Ал эми кетип жаткан 2016-жыл баарынан өзгөчө болду. Өлкөбүздү, ар бирибизди өзгөрткөн, бурулуш жыл болду.
2016-жылы эгемен Кыргыз мамлекетибиз 25ке толуп, тарыхтын дагы бир чоӊ ашуусунан аштык. Биз быйыл кыргыз элинин эркиндиги үчүн 100 жыл мурун курман болгондорго эстелик тургузуп, куран окутуп, бир кылымдан бери мойнубузда, жүрөгүбүздө таш болуп жаткан парзыбызды аткардык. “Арбактар ыраазы болмоюн, тирүүлөрдүн иши оңолбойт” деп бекер айтпайт элибиз.
Тарых жана маданият жылында ата-бабалар мурасы болуп көрбөгөндөй жанданып, элибиздин руху ойгонду. Кыргыз каганатын курган эң байыркы эл болгонубузду эми гана жан дилибиз менен, жүрөгүбүз менен толук сездик, жаңы дем, жаңы күч алдык. Бул жылы байыркы көчмөн бабаларыбыздын унутта калып келген оюндары менен таймаштарын, көчмөндөрдүн рухун, маданиятын бүт дүйнөгө даңазаладык. Кыргыз жергесинде жаңы өмүрү жаралган Көчмөндөр оюндарын Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясы да жогору баалады.
Дегеле 2016-жыл ар бир кыргыз жаранынын көӊүлүн көкөлөтүп, жүрөгүн толкуткан керемет ирмемдерге бай болду.
Бул – Көчмөндөр оюндарында миӊ комузчу “Маш ботойду” чертип чыккандагы ирмемдер!
Бул – кыргыз жигиттери тарткан “Атанын керээзи” алыскы Монреалдан баш байгени жеӊгендеги ирмемдер!
Бул - Жаңы жыл алдында биздин "Азия MIX" тобу ондогон өлкөлөр арасынан алдыга суурулуп чыгып, элине майрамдык белек тартуулаган ирмемдер!
Ушул жана ушуга окшогон көптөгөн жакшылыктар - XXI кылым башында жаш Кыргыз мамлекети бутуна тик туруп, баш көтөргөнүнүн белгиси.
Урматтуу мекендештер!
Биз 2017-жылга башка эл, башка мамлекет болуп кадам таштап жатабыз. Бизге эми эч ким, эч качан "келечеги жок эл, келечеги жок мамлекет" деп айта албайт! Бизди эми эч ким, эч качан тизелете албайт!
Биз “Манастагы”:
"Чачылганды жыйнаган,
үзүлгөндү улаган.
Кырк жерден кыраан чогултуп,
кыргыздын көчүн кураган" деген саптардын тереӊ маанисин эми гана толук бойдон түшүнүп, жүрөк менен сезип жатабыз. Жараткан элибизге кайрадан оомат, улуу дөөлөт, кут берип жатат.
Айланайын элим!
Кайрадан кыргыз көчү адашып, жолубузду жоготпойлу! Өлкөбүздүн эгемендүүлүгүн, элибиздин ынтымагын, биримдигин жаныбыздай сактайлы! Кыргыз көчү эми түзөлдү. Эми биз көчмөн эл катары алыскы мейкиндикке, жаркырыган келечекке көз чаптырсак болот. Аны мен кыргыз кыялы, кыргыз тилеги деп айтар элем.
Биз пейилибизди тазарталы, ыйманыбызды бекемдейли. Биз тагдырлашпыз, максатташпыз, тилектешпиз, бири-бирибизге, өлкөбүзгө күйүмдүү бололу. Улуу максатты улаган улут гана дайрадай зор күч болот, өркүндөп өсөт, өнүгөт.
Урматтуу мекендештерим!
Баарыӊыздарды дагы бир жолу Жаңы жыл менен куттуктайм!
Береке нуру чачылсын,
Элдин пейили ачылсын.
Жараткан дандуу кырман берсин,
Жаштарыбызга ыйман берсин!
Элибизге эсендик берсин,
Ынтымак, ырыс, кенендик берсин!
Айылыбыз аман болсун,
Журтубуз эсен болсун!
Жараткан элибизге биримдик,
Жерибизге береке берсин!
Жаӊы жылыбыз ак жолтой болсун!"