31-декабрдан 1-январга караган түнү Стамбулдагы терактта жабыркагандардын арасында кыргыз жарандарынын бар же жок экени такталууда. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Кыргыз Республикасынын Түркиядагы консулу Руслан Молдакунов билдирди.
Эскерте кетсек, Стамбулда "Рейна" түнкү клубуна курал менен кол салуу болгон. Анда 35 адам каза болуп, 50-60 адам ар кандай жаракат алган. Клубдун директорунун айтымында, бул теракттын болору ага белгилүү болгон.
"Азырынча ал клубда каза болгондордун, жаракат алгандардын арасында кыргыз жарандарынын бар же жок экенин аныктап жатабыз", - деди Молдакунов.
Ал эми ТАСС басылмасы каза болгондордун арасында 15 чет элдик бар экенин жазып чыкты.