Өткөн суткада табигый, техногендик мүнөздөрдөгү өзгөчө кырдаалдар катталган жок, өлкө боюнча 22 өрт кырсыгы катталса, экөө пиротехникалык каражаттан улам чыккан. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Элмира Шерипова бүгүн, 1-январда билдирди.
"Өрт кырсыктарын өчүрүүгө 26 бөлүм тартылган. Куткаруу кызматтары тарабынан 2 чыгуу болгон. Пиротехниканын айынан 2 өрт кырсыгы катталып, бири Бишкекте, бири Ошто болгон", - деди Шерипова.
Бишкектеги өрт кырсыгы Бөкөнбаев көчөсүндө болуп, анда гараждын ичиндеги таштанды өрттөнгөн. Ал эми Оштогу Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айылында үйдүн чатырындагы бир боо пахта өрттөнүп кеткен.