Бишкек шаарында Жаңы жыл түнү "Тез жардам" кызматына 642 кайрылуу түшкөн. Бул тууралуу "Тез жардам" кызматынын башкы дарыгери Искендер Шаяхметов бүгүн, 1-январда билдирди.
Анын айтымында, 642 кайрылуунун 463үнө барышкан, 179уна консультация берилген, 112 адам ооруканага жаткырылган. 1 жол кырсыгы катталып, курч мүнөздөгү респиратордук вирусуна чалдыккан чоңдордон 24 кайрылуу түшсө, 18и жаткырылган, ал эми 59 кичинекей бала ушул эле оору менен кайрылып, 17си ооруканага жаткырылган. Ууланып 10 чоң киши кайрылса, 5 адам ооруканада, кичинекей балдардын уулануусу боюнча 7 факт катталып, үчөө ооруканага жаткырылды. "Ала-Тоо" аянтындагы мушташтан үчөө жаракат алып кайрылган.
Бишкек шаары боюнча майрам учурунда 38 медициналык топ иштеп, 40 "Тез жардам" унаасы нөөмөттө болгон.