23-24-апрель күндөрү Бишкектеги көчөдө калган балдар боюнча рейд жүрдү. Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдиргендей, рейд учурунда кароосуз калган балдар тарабынан 10 укук бузуу фактысынын бети ачылып, алардын ичинен 3 мыйзам бузуу өзбекстандык жарандар тарабынан жасалгандыгы белгилүү болду. Алар Бишкекке жаңы эле келип, туугандарынын үйүндө жашап жаткан кош бойлуу келин, “Аламүдүн” базарында иштеген 15 жаштагы бала жана 5 жашар баласы менен Новопокровка айылында жашаган 1-топтогу майып аял болгон. Рейддин соңунда кармалган жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, жашы жете элек балдардын ата-энелери жана алар иштеп жүргөн базардын жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр болду.