Республиканын тоолуу райондорунда жана унаа жолдордо кар көчкү түшүү коркунучу сакталууда

Республиканын тоолуу райондорунда кар көчкү коркунучу бар экенин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн, 2-январда билдирди.

2016-жылдын 31-декабрынан 2017-жылдын 2-январына чейин жаап өткөн жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы), Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 65-90-145-150-чакырымдарында, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 65-99-чакырымдарында, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4-чакырымдарында, Нарын-Казарман унаа жолунун 42-44-67-94 чакырымдарында (Кара-Көө ашуусу, Ийри-Суу тилкеси) жана Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-92-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүсү коркунучу жана кар күрткүсү сакталат. Жолдор тайгак болуп, муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан