Бишкек шаарынын мэри кызматына Албек Ибраимовдун талапкерлиги көрсөтүлдү

Бишкек шаарынын мэри кызматына Албек Ибраимовдун талапкерлиги көрсөтүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 2-январда Бишкек шаардык кеңешинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 31-декабрь күнү көпчүлүк коалициянын жыйыны өтүп, анда бардык депутаттар Албек Ибраимовду шаар мэри кызматына көрсөтүү чечимине келишкен.

Бишкек шаарынын мэрин шайлоо үстүбүздөгү жылдын 11-январында өтөт.

Айта кетсек, 11-декабрда өткөн Бишкек шаардык кеңешинин депутаттарын шайлоодо 7 пайыздык босогону 5 партия басып өтүп, жеңишке жеткен. Алар: КСДП, "Республика-Ата Журт", "Өнүгүү-Прогресс", "Мекеним Кыргызстан" жана "Кыргызстан" партиялары. 45 депутаттан турган Бишкек шаардык кеңеши 4 жылдык мөөнөткө шайланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан