ЖЫЛНААМА, 3-ЯНВАРЬ: 12 жыл мурун "Ак кемеде" Орозкулдун ролун жараткан актёр Орозбек Кутманалиев көз жумган

Мындан 12 жыл мурун, 2005-жылы 3-январда төкмө акын, актёр, режиссёр, Кыргыз Эл артисти Орозбек Кутманалиев 72 жаш курагында көз жумган.

Ал 1933-жылдын 15-февралында Чүй облусунун Сокулук районунда туулган. 1950-жылдан баштап өздүк көркөм чыгармачылык менен иштей баштаган. 1955-жылы акын-импровизатор катары Ардак баракчасы менен сыйланган. Кийин Республикалык куурчак театрына актёр катары чакырылган. 1965-жылы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясына солист катары ишке кирген. 1969-1973-жылдары Кыргыз ССРинин Мамлекеттик телерадио комитетинде режиссёр болуп эмгектенген. 1973-1974-жылдары Кыргыз драма театрында актёр, 1975-жылдары "Кыргызфильм" киностудиясында режиссёр болгон. Алгачкы жолу 1965-жылы "Алымкан" телефильминде роль жараткан.
Ошондой эле ал дастандар менен катар "Жүрөктү жүрөм дарылап", "Айдай кыз", "Кыйнабай жүрчү", "Гүлдесте" ырларына обон жаратып, өзү аткарган. "Ак кеме" фильминде Орозкулдун, "Сүйүү жаңырыгында" Бектемирдин, "Эрте жаздагы турналарда" Бейшембектин, "Ак куулар конгон айдың көлдө" Сабырбектин ролун жараткан. Залкар талант 30га жакын фильмге тартылып, кыргыз кереметинин өнүгүшүнө чоң салым кошкон.

3-январга карата жылнаама.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан