Кылмыштуу чөйрөнүн өкүлү Камчы Көлбаевдин үстүнөн козголгон кылмыш иши боюнча кийинки соттук отурум 2-майга белгиленди. Мындай чечимди бүгүн, Биринчи Май райондук сотунда судья Абдыразак Боронбаев чыгарды. Анын айтымында, кийинки отурумга көбүрөөк күбөлөр менен жабырлануучулар чакырылат.