Өлкөнүн айрым жерлеринде катуу шамал болору күтүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 3-январда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, республиканын көпчүлүк аймактарында кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын айрым жерлеринде, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетет.