Бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жоомарт Сапарбаев өкмөттүн парламенттеги өкүлүнө Ысык-Көл облусундагы Каракол шаарынын мэрин шайлоодо чоң чыр чыгып кетиши мүмкүн экендигин эскертти. Депутаттын айтымында, шаардын мэрлик кызматына таза эмес, эл каалабаган аткаминерди дайындоого аракеттер болуп жатат. “Мен кадр саясатына көңүл бурууну өтүнөм, эл нааразы болуп жатат. Себеби Бакиевдин убагында мыйзам бузуп, коррупция менен алектенген мэр, эми кайрадан мэрлик кызматка баруусуна жол ачылып жатат. Бүгүн аталган шаарда мэрди шайлоо болот, чоң ызы-чуу чыгып кетиши мүмкүн”,- деди депутат.