Стамбулдагы түнкү клубда жасалган чабуулда Американын жараны Жейк Раак уюлдук телефон жана актёрдук чеберчиликтин жардамы менен жанын сактап калды. Бул тууралуу ал чет элдик басылмаларга айтып берди.
Анын айтымында, террорчу чыгарган ок Жейктин санына тиймек. Бактыга жараша, ок чөнтөккө салынган уюлдук телефонго тийген. Бул учурда ал өлгөн адамдай түр көрсөтүп, кыймылдаган эмес.
"Террорчу мени аткан маалда кыймылдаган жокмун. Мындай кырдаалда ар бир адам өзүн колго алууга тийиш", - дейт ал.
Айта кетсек, 31-декабрдан 1-январга караган түнү Стамбулдагы "Рейна" түнкү клубуна курал менен кол салуу болгон. Ошол учурда клубда 500дөн ашык адам болгон. Анда 39 адам каза болуп, 70ке жакын адам ар кандай жаракат алган. Каза болгондордун арасында Орусиянын, Бельгиянын, Франциянын, Индиянын, Ирактын, Сауд Арабиянын жарандары да бар. Ал эми "Ислам мамлекети" террордук тобу бул кол салууну уюштурушканын билдирди.