"Памирлик кыргыздардын 99 пайызы баңгизаттан көз каранды экен". Бул маалыматты бүгүн, 25-апрелде ЖКнын жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу айтты. Ал билдиргендей, памирлик кыргыздардын аксакалдары аларды тез арада Кыргызстанга алып келбесе, кийин кеч болуп каларын айтышкан. “Азыр алардын саны 1300 эле болуп калыптыр. Эгерде аларды күч менен болсо дагы көчүрүп келбесек, такыр эле жоголуп кетүү коркунучуна кабылышат. Этникалык кыргыздар учурда мал багып гана жан багышат. Ооган тажиктери келип баңгизаттарды малга алмашып кетишет”,- деди эл өкүлү. Төрага Асылбек Жээнбеков өздөрү каалабаган соң мамлекет этникалык кыргыздарды күчтөп алып келе албастыгын айтты.