ЖКда кыргыз тилин өнүктүрүүгө багытталган мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү
Кыргыз тилин коргоо, сактоо жана жайылтуу максатында депутаттар тарабынан “КРнын айрым мыйзам актыларына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору иштелип чыккан. Анда "Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске жана “КРнын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамга тиешелүү түзөтүүлөрдү киргизүү жагы каралган. Аталган мыйзам долбоор бүгүн, 25-апрелде ЖКнын жыйынында каралып, 3-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.Депутат Эгемберди Эрматовдун айтымында, мамлекеттик кызмат жетекчилеринин мамлекеттик тилде сүйлөй, окуй, жаза билүү, мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында документтердин түп нускасын мамлекеттик тилде даярдоо, зарылчылыгына жараша, аларды мамлекеттик жана расмий тилдерде которуп жарыялоо талаптары коюлуп жатат. Ошону менен бирге, мамлекеттик тилди үйрөтүү, окутуу, колдоно билүү чаралары да каралган. Мисалы, мамлекеттик кызмат ордуна талапкер болгон адам ыйгарым укуктуу комиссиялар тарабынан атайын сынактан өтүүгө тийиш.