"Досунун 15 жаштагы инисин өлтүргөн" деп шектелип Талас шаарынын тургуну кармалды

22-апрелде Бишкектин Кантемиров көчөсүндө жайгашкан үйлөрдүн биринде киши колдуу болуп өлгөн 15 жаштагы баланын денеси табылган. Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы билдиргендей, ыкчам иликтөөнүн жыйынтыгы менен 24-апрелде кылмышка шектелип 22 жаштагы Д.Нурмат аттуу Талас шаарынын тургуну кармалды. Азыр ал убактылуу кармоочу жайда. Тергөө убагында булар аныкталды: Оор кылмышка шектүү жаран шериги менен үйүндө эч ким жок деген ойдо бир досунун үйүнө уурулукка киришет. Бирок үйдө досунун 15 жаштагы иниси аларды көрүп калган. Мындан соң окуяга күбөсүн өлтүрүп, үйдөн баалуу буюмдарды уурдап качып кетишкен. Учурда окуя толук иликтенүүдө жана кылмышка катыштыгы бар экинчи адам изделип жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
nazira1989
2013-04-25 18:50:35
Аллахым озу акыл,ыйман,ынсап берсин да.Балдар биздин келечек,акылынан тайбасынчы.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан