Педофилдердин жазасын күчөтүүгө багытталган мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү

Бүгүн, 25-апрелде Жогорку Кеңеште “КР Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору каралды. Ички иштер министринин орун басары Бактыбек Жусубалиевдин айтымында, мыйзам долбоору жашы жетелек балдарга карата жыныстык зордуктоо жасоо жосундарына кылмыш жазасын катуулатуу максатында иштелип чыккан. Ал үчүн Кылмыш-жаза кодексинин 8-беренесине тиешелүү түзөтүүлөр киргизилүүдө. Мыйзам долбоорунда мурдагыга караганда жаза чараларынын мөөнөтүндө 7 жылга чейин айырма бар. Мисалы, 18 жашка толо элек өспүрүмдөргө карата жыныстык зордуктоо аракеттери үчүн 2 жылдан 3 жылга чейинки жаза мөөнөтү каралган. Азыр ал мөөнөт узартылып жатат. Андан тышкары шарттуу жаза чаралары да алынып салынды. Мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан