24-апрель күнү Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата РИИБинин кызматкерлери Кант шаарынын М.О. жана А.М. аттуу тургундарын “"Хизбут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмуна мүчө болууга шектүү” деп кармашты. Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы кабарлагандай, кармалган жарандардан экстремисттик багыттагы 1 даана китеп жана 10 даана баракча алынган. Аталган факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталды.