Түркияда сабалган кыргыз кызга чоң атасы барып, ал аз-аздан эсине келе баштады

2-январь күнү Түркияда сабалган кыргыз кыздын жанына чоң атасы барды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Стамбулдагы Кыргыз өлкөсүнүн консулу Руслан Молдакунов билдирди. Ал эми кыздын атасы редакциябызга төмөнкүлөрдү айтты:

"Кызымдын сабалып, ооруканада комада жатканын 28-декабрда уктум. Ошондон бери абалым жакшы болбой жатат. Тилекке каршы, жалпы жарандык паспортум жок болуп, аны жасатууга туура келди. Майрам күндөргө да туш келип калып, документтерди кеч тапшырдым, паспортум колума тиет. Жубайыма билет алып койдук, буюрса, ал дагы учат".

Ал эми Стамбулдагы мекендештерибиздин айтымында, сабалган 21 жаштагы М.Н. учурда акырындык менен эсине келе баштаганын билдиришти. Маалыматка ылайык, консулдуктун бир кызматкери жабыр тарткан кыздын жанында. Чоң атасы маал-маалы менен небересин барып көрүп турат. Учурда ал Стамбулдагы мекендештин үйүндө убактылуу жашап жатканы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Mekush87
2017-01-06 17:29:28
Ал кызды эмне себептен сабашты экен бечара
+3
Sajakat14
2017-01-06 18:28:28
Жаратканым айыкканга жардам берсин
0
Lion.
2017-01-06 18:30:52
Ничке Сайлык болсо аты ким болду экен. Мен таанышым мумкун (
0
Luna15
2017-01-06 18:47:47
админ кызды сабап кармалгандар кайсы улуттун окулдору толук маалымат берип койсонуздар сураныч
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан